Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-апрели № 6/3
Ветеринардык сервистерди өнүктүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, Корул айылдык кеңешинин аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана ветеринардык сервистерди өнүктүрүү максатында Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин Кен-Жылга айылындагы Бөкөев Кубатбек жетектеген жана Тогуз-Булак айылындагы Табалдыев Мырзабек жетектеген ветеринардык сервистеринин салык төлөөсүн патент ыкмасына өткөрүү жагы райондук салык кызматына сунушталсын.
2. Менчик ветеринардык сервистердин салык төлөөсүн патент ыкмасына өтүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жана Кыргыз Өкмөтүнө тийиштүү документтерди жөнөтүү жагы райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук мамлекеттик салык кызматына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |