Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-марты № 3/1
Жошолу айылдык кеңешини депутаттарынын депутаттык мандатын жана ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы К.Алдашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин 4 мандаттуу № 5480 Гердегей шайлоо участкасынан шайланган Омурзаков Журсунбек Кулуйевич Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганына байланыштуу кийинки добуш алган талапкери Аттокуров Нуркамил Камчыбековичке депутаттык мандат берилсин.
2. № 5480 Гердегей шайлоо участкасынын талапкери Аттокуров Нуркамилге мандат берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |