Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 3/2
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу №46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн туртку берүүчү гранттан өткөрүү үчүн долбоорун кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн туртку берүүчү гранттын долбоору мектептин материалдык техникалык базасын чындоо үчүн долбоор жазылганы тура деп табылсын.
2. №46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн 1927685 (бир миллион тогуз жүз жыйырма жети миң алты жүз сексен беш) сом керектелет. Анын өздүк салымы 192768 (бир жүз токсон эки миң жети жүз алтымыш сегиз) сом түзөт, ал эми 50,0 миң сом акча каражаты демоорчулордун эсебинен төгүлсүн. Ал эми 46,600 (кырк алты миң алты жүз) сомун же айыл өкмөтү тарабынан өздүк кирешесинин эсебинен болунуп берилсин.
3. Кошумча корпус (ашкана) куруу керектелуучу төлөмдөрдү келишимге ылайык өз убагында төлөп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Жогоруда төлөмдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Т.Абдырахмановго жана айылдык кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |