Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-марты № 3/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн мектеп директорлорунун бир нче жолку билдирүүлөрүнүн негизинде жараксыз болуп калган жылытуу печкаларынын ордуна алынып берилген печкалар үчүн, өкмөт башчысы Ж.Омурзаковдун билдирүүсүн угуп талкуулап, 2012-жылда киреше бөлүгүнөн кошумча түшкөн акча каражатынан 2013-жылдын 1-январына карата өткөн калдыктын эсебинен 27800 сом акча каражатын керектүү статьяларга болуп берүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2012-жылда киреше бөлүгүнөн кошумча түшкөн акча каражатынан 2013-жылдын 1-январына карата өткөн калдыктын эсебинен Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде төмөндөгү статьяларга бөлүнүп берилсин.
к/н | разделдер | статья | сумма | эмне үчүн |
1 | Мектептер | 2215 5 300 | 23800 | Курманжан датка мектебинин класстарына жылыткыч |
2 | Аппарат | 2215 5 300 | 4000 | Айыл өкмөттүн конторасына электр печкаларын алуу үчүн |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана статьялар боюнча туура, так пайдалануу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы өкмөт башчысы Ж.Омурзаковго милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |