Редакцияот 19.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV-заседаниеси

 

2013-жылдын 19-апрели № 4/3

Жошолу айыл округунун аймагында кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин конкурска берүү баштапкы бааны бекитүү жөнүндө

Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңеште кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери өлчөнүп такталсын.

2. 2013-жылга ФПСтин жерлери ижарага 5 жылдык мөөнөттөн кем эмес берилсин.

Баштапкы баасы 1га кайрак жер үчүн        - 600

Сугат жер үчүн                                                 - 1200

Жакынкы жер үчүн                                          - 800

Чөп чабынды алыскы жер үчүн                   - 600

3. Ижарага бекитилип берилген жерлердин баасы 5 жыл ичинде инфляцияга жараша өзгөртүлүп тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөөлдөө жана конкурсту өткөрүү жагы айыл округдун жер адистерине жана салык инспекторуна.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев