Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 1
Жаңы-Ноокат айылындагы мурдагы Малыш балдар бакчасын курулуш имаратын айыл өкмөттүн эсебине сатып алуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылында уюштурулган дыйкан чарбалардын эсебиндеги мурдагы «Малыш» балдар бакчасын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сатып алуу боюнча дыйкан чарбалардын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, сатып алуу боюнча алдын ала макулдашуулврды угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан билдирилген сунуштардын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылындагы дыйкан чарбалардын эсебиндеги мурдагы «Малыш» балдар бакчасын курулуш имараты 0.42 га жер аянты менен келишим баада 8.5 млн.сомго Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн балансасына сатып алынсын.
2. Ушул сатып алынган бала бакча курулуш имаратын акчасын төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Худайназаров |