Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 119
Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2013-2014-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш-планына ылайык Ош шаарынын жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2013-2014-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндөгү маселени карап, аталган маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2013-2014-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри И.Ражаповдун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) төмөндөгү мекеме-ишканалардын кышка даярдык көрүү боюнча жүргүзүп жаткан иш чараларынын толук аткарылышын камсыз кылуу жагын көзөмөлдөө милдеттендирилсин:
- Оштогу жылуулук электр борборунун (А.Аттокуров) Ош шаарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында магистралдык жана кварталдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштерин толук аяктоо жана мазут отундарын керектүү көлөмдө даярдоосун;
-Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын (К.Алишеров) күз-кыш мезгилинде шаардын жылуулукка болгон муктаждыгын толук көлөмдө орундатуу үчүн жылуулук өндүрүү максатында отканаларды, жылуулук өткөрүүчү системаларды оңдоп-түзөө, көмүр, мазут отундарын жетиштүү деңгээлде камдоо иш чараларын жүргүзүүсүн;
- Ош газ чарба башкармалыгынын (М.Аматов) күз-кыш мезгилинде Ош шаарынын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз болуусуна багытталган тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүсүн;
-«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын (Д.Кокочоров) Ош шаарынын борборунан алыс жайгашкан кичи райондордун калкын таза суу менен камсыз кылуу жана шаарда көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу канализациялык курулуштардын кубаттуулугун күчөтүү иш аракеттерин Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте жүзөгө ашыруусун;
-Муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын (Э.Аралиев) иш-чара планына шаардагы орто мектептердин, бала бакчаларынын жылуулук системаларын орнотуу, оңдоп-түзөө, жаңылоо жана алардын нормага ылайык иштөөсүн такай көзөмөлдөө иштерин киргизүү маселесин Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте карап көрүүсүн;
-Ош райондук электр тармактарынын (Д.Сыдыков) шаарды электрэнергиясы менен камсыз кылуучу обьекттерди оңдоп-түзөө жана жаңылоо максатында Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте инвесторлорду тартуу боюнча такай иш чараларды жүргүзүүсүн;
-Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын (Г.Машрапова) шаардагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жылуулук системаларын оңдоп-түзөө, жаңылоо иштерин өз алдынча жүргүзүүсүн токтотуу жана ал иш чараларды Ош шаарындагы муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына өткөрүп берүүсүн;
-Саламаттыкты сактоо тармагынын (А.Нуралиев., Р.Маметов) медициналык мекемелердин күз-кыш мезгилине карата болгон даярдыктарын өз денгээлде жүргүзүү жана өткөрүүсүн.
3.Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов М.Ж.) Ош шаарындагы № 215А кварталынын корголуучу аймактарындагы жер астынан тартылган газ түтүктөрүн башка жерге жылдыруу маселесин чечүү максатында керектелүүчү чыгашалардын жалпы сметасын тактоо үчүн комиссия түзүү, иш чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен каржы булагын табуу, газ өткөрүүчү түтүктөрдүн үстүндө жайгашкан 21 үйдүн ээлерине өз салымдарын кошуу маселеси боюнча кайрылып көрүү жана жогоруда аталган иш чараларды 2013-жылдын 1-декабрына чейин аяктоо милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
5. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |