Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 120
Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн паспортторду даярдоо, аларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш-планына ылайык «Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн паспортторду даярдоо, аларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуу» маселеси боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун жана Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Р.Алиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, аталган комиссиянын 2013-жылдын 26-сентябрындагы №7-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун жана Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Р.Алиевдин Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн паспортторду даярдоо, аларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) иштин кызыкчылыгы үчүн, элге кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнө кошумча бөлмө ажыратып берүү маселесин карап көрүү жагы сунушталсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |