Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 121
Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылуусун камсыздоо боюнча 2013-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен аткарып жаткан иштерин кароо
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга кабыл алган иш-планына ылайык Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылуусун камсыздоо боюнча 2013-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 27-сентябрындагы №16-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Бакировдун, аталган башкармалык тарабынан Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылуусун камсыздоо боюнча 2013-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен аткарып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен 2-4 топтогу мүлк обьектеринен алынуучу мүлк, айыл чарба багытында эмес жер салыктары боюнча жана автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу жыйымдардын план тапшырмасын камсыз кылбагандыгы белгиленсин жана 2013-жылда кабыл алган бюджетинин киреше бөлүгүн өз убагында жана толук көлөмдө аткарылуусун камсыздоо боюнча:
-жылдан жылга өтүп, өз мөөнөтүндө төлөнбөй келе жаткан карыздарды өндүрүү;
-салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү менен салык базасын тактоо жана кеңейтүү;
-каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөр жана чарбалык субьекттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараны камсыздоосу;
- 4-топтогу мүлк обьектери үчүн салыктын түрүн толук көлөмдө түшүүсүн камсыздоо максатында Ош шаардык жол коопсуздук кызматы менен биргеликте рейддерди уюштуруусу;
-айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын кабыл алынган пландын негизинде жыйноосу;
-ыктыярдуу жана милдетүү патенттин негизиндеги салык түрүн толук көлөмдө жыйноосу;
-каржылык тартипти жана көзөмөлдү күчөтүүсү;
-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын 2013-жылга кабыл алынган бюджетин так аткаруу боюнча салык жана салык эмес жыйымдардын бардык түрлөрүнүн толугу менен аткарылуусун камсыздоо жана салык кызматкерлеринин бул боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчилигин күчөтүү, ошондой эле аталган токтомдун аткарылуусу боюнча маалыматты 2013-жылдын жыйынтыгынын негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө берүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |