Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-июну № II-2
Ноокат шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү“ мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүүгүнү негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен шаардык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароога киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Шаардык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облустунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |