Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-1
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 11-январындагы 2013-жылды “Мектепке чейинки жана спорттук мекемелерди калыбына келтирүү, өнүктүрүү жылы “ деп жарыяланган №06-б буйругу менен бекитилген иш чаралардын планын аткаруунун негизинде Ноокат шаарында жайгашкан “У.Салиева” жана “Кара-Турпак “ балдар бакчаларына кошумча тайпа (группа) ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 11-январындагы 2013-жылды “Мектепке чейинки жана спорттук мекемелерди калыбына келтирүү, өнүктүрүү жылы “ деп жарыялаган №06-б буйругу менен бекитилген иш чаралардын планын аткаруунун алкагында жана Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектепке чейинки жаштагы балдарды балдар бакчасына жайгаштыруу боюнча ата-энелердин өтүнүчтүрүн канаатандыруу максатында Ноокат райондук билим берүү бөлүмү, Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидиомологиялик көзөмөлдөө борборунун 2013-жылдын 2-июлундагы №01-10-272 санитардык кортундусунун негизинде Ноокат шаарында жайгашкан “У.Салиева” жана “Кара-Турпак “ балдар бакчаларына кошумча тайпа (группа) ачуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 11-январындагы 2013-жылды “Мектепке чейинки жана спорттук мекемелерди калыбына келтирүү, өнүктүрүү жылы “ деп жарыялаган №06-б буйругу менен бекитилген иш чаралардын планын аткаруунун алкагында жана Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектепке чейинки жаштагы балдарды балдар бакчасына жайгаштыруу боюнча ата-энелердин өтүнүчтүрүн канаатандыруу максатында “У.Салиева” балдар бакчасына кошумча1-группа жана “Кара-Турпак “ балдар бакчасына кошумча 1-группа тайпа (группа) ачылсын.
2. Ноокат шаарына караштуу Уркуя Салиева жана Кара-Турпак балдар бакчаларына ачылган группаларга кете турган эмеректер менен камсыз кылуу жагы балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин.
3. Ноокат шаарына караштуу Уркуя Салиева жана Кара-Турпак балдар бакчаларына ачылган группаларга кете турган штаттык бирдигин чечип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү , саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |