Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октября № 8/3
Исфана шаар мэриясынын аймагында спирттик ичимдиктерди сатууга чек коюу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын аймагында магазин, ашкана, кафе-бар, чайкана жана ресторандарда спирттик ичимдиктерди сатуу жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагында жайгашкан магазин, ашкана, кафе-бар, чайкана жана ресторандарда спирттик ичимдиктер 2013-жылдын 1-ноябрынан 2014-жылдын 1-апрелине чейин саат 18-00 дон 09-00го, 2014-жылдын 1-апрелинен 1-ноябрына чейин 22-00дон 08-00го чейинки аралыкта спирттик ичиктерди сатууга тыюу салынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнөн, Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматынан суралсын жана Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Исфана шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |