Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октябры № 45
Сулукту шаарынын Совет көчөсүнө Сулукту шаарынын Ардактуу жараны Кулматов Пахридиндин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Сулукту шаарынын Совет көчөсүн болуу, Сулукту шаарынын Ардактуу жараны Кулматов Пахридиндин атын ыйгаруу жөнүндө Сулукту шаарынын совет көчөсүнун тургундарынын, шаардык кеңештин депутаттарынын, Сулукту шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон инсандарды мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктарга сунуштоо жөнүндө шаардык өз алдынча башкаруу органдарына караштуу Комиссиянын жана мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Сулукту шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон инсандарды мамлекеттк жана жергиликтүү сыйлыктарга сунуштоо боюнча шаардык өз алдынча башкаруу органдарына караштуу Комиссия жөнүндөгү Жобонун, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин жана Сулукту шаарынын Уставынын негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын Совет көчөсү №1 орто мектептен Отбасаров көчөсүнүн бурулушуна чейин, Отбасаров көчөсүнүн бурулушунан Мамбетов жана Товарный көчөсүнө чейинки чек арасы экиге болунсун.
2. Сулукту шаарынын Совет көчөсүнн №1 орто мектептен Отбасаров көчөсүнун бурулушуна чейинки участкасы мындан ары “Пахридин Кулматов”–атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
3. Көчөнун атынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу аткарылуучу документерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тийиштүү чыгымдарды чечип берүү жагы шаардык мэриядан, мамлекеттик каттоо кызматынан, ички иштер бөлүмүнөн, “Сулукту-Тазалык”, “Сулукту-Тазасуу” ишканаларынан суралсын.
4. Көчөнун атынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу сарпталуучу тийиштүү чыгымдарды чечип берүү жагы шаардык мэрияга жана демоорчулорго сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык кеӊешинин төрагасы |
К. Исмаилов |