Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24 – декабры № 58
Сулукту шаарындагы Восточный (Кошбулак) шаар тибиндеги поселкасынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин 21-октябрь 2013-жылдагы № 01-32/117 катынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 22.10.2013-жылы № 13-55/542 катынын, Кош-Булак (Восточный) поселкасынын тургундарынын 28.10.2013-жылкы жалпы чогулушунун, Сулукту шаардык мериясынын 28.10.2013-жылкы № 802 катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарындагы Восточный (Кошбулак) шаар тибиндеги поселкасынын аталышын өзгөртүү жөнүндө Сулукту шаардык мэриясынын жана Восточный (Кош-Булак) поселкасынын тургундарынын сунуштары кабыл алынсын.
2. “Восточныйдын” мындан ары аталышын “Кошбулак” деп өзгөртүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштар берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык кеӊешинин төрагасы |
К. Исмаилов |