Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 15/2
Кадамжай шаарынын элин электроэнергиясы менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусу жөнүндө.
Кадамжай шаардык Кеңеш Кадамжай шаарындагы Горная, Металлург, Автобаза, Орозбеков, Молдо Аман, Пионерская, Комсомольская көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаарынын элин электроэнергия менен камсыздоо максатында Кадамжай шаарынын 2014-жылкы бюджетине 5 (беш) трансформатор сатып алуу киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Т.М.Камбаров |