Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы №15/8
Кадамжай шаарындагы «Аленушка» балдар бакчасынын имараты жөнүндө.
Кадамжай шаардык Кеңеши «Аленушка» балдар бакчасынын имараты МЧСтин жер титирөө боюнча комиссиясынын тыянагынын негизинде пайдаланууга жараксыз деп табылгандыгын эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Аленушка» бала бакчасынын имараты бузулуп ордуна жаңы балдар бакчасын куруу Кадамжай шаарынын 2014-жылдык бюджетине киргизилсин.
2.Бала бакчасын курууга инвесторлорду тартуу жагы Кадамжай мэриясынын инвестиция тартуу бөлүмүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жер жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Т.М.Камбаров |