Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-январы № 15/10
Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктуу каттоо башкармалыгынын имаратынын айланасындагы чириги жеткен беш түп чынар теректи кесүү жөнүндө
Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктуу каттоо башкармалыгынын имаратынын айланасындагы чириги жеткен беш түп чынар теректи кесүү жөнүндөгү карылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктуу каттоо башкармалыгынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Беш түп чынар теректи кыюуга уруксат берүүнү Баткен облустук курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |