Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы №15/1
Афган согушунун 25-жылдык мааракесине карата ардагерлерге алардын үй бүлөлөрүнө камкордук көрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын Афган согушунун 25-жылдык мааракесине карата кайрылуусун карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Афган согушунун 25-жылдыгына карата шаардык бюджетинен 27 000 сом (жыйырма жети миң сом) ажыратылып берилсин. (Тиркеме тиркелет).
2.Токтомдун аткарылыш жагы Кадамжай шаардык мэриясынын КЭБнун башчысы М.Жумаматовко жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|