Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы №19/1
"Кадамжай шаардык мэриясынын 2013-жылынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө"
Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Ураимовдун жана Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун маалыматын угуп талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаардык Кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ураимов Эркиндин жана Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы Жумаматов Мирландын 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматтары көңүлгө алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |