Редакцияот 31.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XXIII чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 31-январы № 5

Үч-Коргон айылдык кеңешинин Кызыл-Жылдыз айылындагы №51 кесиптик лицейи жөнүндөгү маселени карап талкуулап

Үч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутатары Кызыл-Жылдыз айылындагы №51 кесиптик лицейи жөнүндөгү маселени карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Жылдыз айылындагы Мира көчөсүндө жайгашкан бала бакча Үчүн салынган типовой имарат, № 51 кесипттик лицейинин филиалынын имараты болуп кала берсин.

2.    Эгерде №51 кесиптик лицейинин филиалы жоюлуп же башка жакка көчүрүлө турган болсо, имарат айыл өкмөтүнүн балансасына турган турушунда өткөрүлүп берилсин.

3.    Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Үч-Коргон айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Курманалиев З.С.