Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 18/2-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин "Реформа" коалициясынын курамынан чыгуу жөнүндө
"Реформа" коалициясынын мүчөлөрү "Замандаш-Современик" саясий партиясы аркылуу шайланган депутаттар А.К. Койчубеков жана М. А. Ниясалиев, Темирбекова Гульмира Касеновна Талас шаарынын саясий абалын турукташтыруу максатында "Реформа" коалициясынын курамынан оз каалоосу менен чыккандыгына байланыштуу депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Замандаш-Современник" саясий партиясы аркылуу шайланган депутаттар Койчубеков Азат Күлчороевич, Ниясалиев Маратбек Анарбекович жана Темирбекова Гулмира Касеновна "Реформа" коалициясынын курамынан чыккандыгына жана өз ыктыяры менен депутаттыгын токтотууларына байланыштуу депутаттык мандаттарын Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына тапшырсын.
2. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №3 жана №4 токтомунун негизинде мандатын тапшырган депутаттардын ордуна Замандаш партиясынын тизмесиндеги Орунбаева Айнура Муктарбековна, Жумашалиев Айтбек Мендибаевич жана Жуманов Жеңишбек Мүзүрөтбекович депутаттыкка кабыл алынсын.
3. Кабыл алынган токтом "Жаңы Багыт" гезитине жарыялансын.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |