Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 25/22-85/3
«Айыл чарба инвестицияларды жана кызмат көрсөтүүлөрү» долбоорунун алкагында сатып алынган жабдуулар боюнча
Азыркы кезде жергиликтүү жашоочулардын, дыйкандардын жашоо булактары мал чарбалыгы болуп жаткандыгы, аларды сапаттуу, өздүк наркы төтөн мал продукциясын өндүрүүдө айыл чарба мадардын дени таза болу абзел. Ветеринардык профилактика селекция ылаңына каршы иштер, ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн тиешелүү жабдуу талап кылынат. Ошол себептен, « Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөрдү» долбоорун алкагында сатып алынган жабдуу, шайман веет. препараттын алынышын колдоп жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 8- августунда № 574 сандуу катын аткаруу максатында Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында «Айыл чарба инвестициялары инвестицияларды жана кызмат көрсөтүүлөрү» долбоорунун алкагында сатып алынган жабдуу, шайман веет. препараттар Кайыңды айылдык аймагынын вет. адистери Курманбеков Р. жана Султаналиев А. берилсин.
2. Долбоордун милдеттерин, укуктарын жана шарттарын аткаруу жагы вет. адистер Курманбеков Р. жана Султаналиев А. билдирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мызаевге дайындалсын.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Мураталиев |