Редакцияот 21.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 21-августу № 25/22-85/4

Кайыңды айылдык аймагына караштуу Чечдөбө айылынын тургуну Бейшебаев Рысбек Ажыкуловичтин арызын кароо

Бейшебаев Рысбек Ажыкулович 2007-жылы АВП нын кароолчулугу үчүн эмгек маянасы 2 айга төлөнүп берилип, калган айлар үчүн төлөнүлбөй калгандыгы боюнча арызда жазылгандыгы боюнча Кайыңды айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бейшебаев Рысбек Ажыкуловичтин арызы боюнча тиешелүү документтерди териштирүү жагы АВП нын ревизиондук комиссиясынан суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Мызаевге дайындалсын.

 

Кайынды айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Мураталиев