КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 4-декабры № 210
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Kaрыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |