Редакцияот 09.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

 2013-жылдын 9-декабры № 212

 

2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Эркин соода аймагы жөнүндө Келишим ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев