Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-январы № 7

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 372-берененин 1-бөлүгүндө "обочолонгон жана атайын тосулган, ЭЭЗ деп таанылуучу аймакта" деген сөздөр алып салынсын.

2. 373-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"373-берене. ЭЭЗдин субъекти

ЭЭЗдин субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗдин башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Атамбаев