Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-январы № 21
2013-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2013-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө индиялык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |