Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 4-февралы № 26
2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европалык инвестициялык банкка Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлансын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |