Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы №106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 5-марты №39

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

120-беренеде:

2-бөлүгүндө "24 сааттын ичинде" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү маселелери боюнча - ал келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирилбестен" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүгүндө "кворум болушу мүмкүн болбосо, (24 сааттын ичинде)" деген сөздөр "кворум белгиленген мөөнөттө болушу мүмкүн болбосо," деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев