КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 7-апрели № 55
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013 -жылдын 11-апрелиндеги протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички зарыл болгон жолжоболорду аткаргандыгы жөнүндө казакстандык тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |