Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 24-апрели № 64
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө
(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2017-жылдын 27-мартындагы № 51, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин укуктук негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун тартибин белгилейт.
Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдердин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотула турат жана денонсацияланат.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби алардын түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата колдонулат.
2-берене. Терминдердин колдонулушу
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат:
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болгон, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
түзүү - эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоо, аны кабыл алуу, эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөө жана анын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү боюнча аракеттердин ырааттуулугун билдирет;
кол коюу - ыңгайга жараша эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөнү (эл аралык келишимдин биротоло формасын жана мазмунун белгилөө) же болбосо эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет;
ички мамлекеттик жол-жоболор - эл аралык келишимди ратификациялоону, кошулууну же бекитүүнү билдирет;
ратификациялоо, кошулуу жана бекитүү - ыңгайга жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет;
ыйгарым укуктар - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан же компетенттүү мамлекеттик органынан чыгуучу документти билдирет жана ал аркалуу бир же бир нече адам Кыргыз Республикасынын атынан төмөнкү максаттарда чыгуу үчүн дайындалат;