Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-майы № 66
2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду аткаргандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |