Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 24-майы № 74
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештерин (мындан ары - коомдук кеңеш) түзүүнүн жана анын ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташуусун өркүндөтүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана алардын кызмат адамдарынын ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн механизмдерди түзүүгө, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда коомдук пикирди эске алууга багытталган.
2-берене. Коомдук кеңештер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Коомдук кеңештер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Коомдук кеңештер жөнүндө негизги жоболор
1. Коомдук кеңештер - бул министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ушул министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен коомдук башталышта түзүлгөн консультативдик-байкоочу органдар. Коомдук кеңештер өз ишин бул министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго көз карандысыз, ачык жана коомдун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырат.
2. Коомдук кеңештердин иши өз алдынча болуп саналат жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жарандар жана юридикалык жактар жана/же алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча милдеттенмелерин жокко чыгарбайт.
3. Коомдук кеңештер коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу формаларынын бири болуп саналат. Коомдук кеңештерди түзүү коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташуусунун башка формаларын, ошондой эле алардын ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашырууну жокко чыгарбайт жана чектебейт.
4. Коомдук кеңештер өз ишин туруктуу негизде ыктыярдуу жана алардын ишине жарандык коомдун өкүлдөрүнүн акысыз катышуу принциптеринде жүзөгө ашырат.
5. Коомдук кеңештердин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.