Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-июну № 88
2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭК (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭК (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкына Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |