Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 21-июну № 91
2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сауд Өнүктүрүү Фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |