Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 21-июну № 92
2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандум ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |