Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 21-июну № 93
2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Өкмөттүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун - EDCF башкаруу боюнча агенти) ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча Макулдашууга карата экинчи оңдоолор жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Өкмөттүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун - EDCF башкаруу боюнча агенти) ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча Макулдашууга карата экинчи оңдоолор жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Корея Экспорттук-Импорттук банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |