Редакцияот 27.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 27-июну № 99

2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев