Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 135
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2021-жылдын 24-июнундагы № 75, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлдөрдүн ишин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин аныктайт, адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн статусун жөнгө салат, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар
Адвокаттык ишти, Кыргыз Республикасындагы юридикалык өкүлдөрдүн (мындан ары - юридикалык өкүлдөр) жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын (мындан ары - Адвокатура) ишин жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
Юридикалык өкүлдөрдүн иши процесстик мыйзамдарда белгиленген талаптарды эске алуу менен алардын укуктары, милдеттери жана сот өндүрүшүнө катышуу жол-жоболору бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Адвокатура
1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.
2. Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Адвокатура өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формасы - Адвокатурасы бар коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.
Адвокатура пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
4. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Адвокатура өлкөнүн калкы аз жана алыскы райондорунда өз ишин жүзөгө ашырган адвокаттарга тиешелүү жеңилдиктерди (адвокаттык түзүмдөрдүн муктаждыгына милдеттүү чегерүүлөрдөн бошотуу жана башка жеңилдиктер) берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
6. Адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, ал эми Адвокатура адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик иши менен байланышкан милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечими