Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 136
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө
(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын (мындан ары - биометрикалык маалыматтар) чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырууда, биометрикалык маалыматтар базасын актуалдаштырууда жана коргоодо пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты - биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламенттештирүү болуп саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана пайдалануунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.
(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими