Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-июлу № 144
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2014-жылдын 18-июлу № 144, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54, 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2024-жылдын 19 февралындагы № 52 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формалардагы "шаар тибиндеги поселок" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-статьянын 1-бөлүгүндө ", калктуу пункттарга-шаарларга, шаар тибиндеги поселкаларга, айылдарга" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласында "шаарчаларда," деген сөз алып салынсын.
2. 1-статьянын аталышында "Негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "Түшүнүктөр'' деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 1-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жамааттын негизги укуктук документи;".
4. 2-статьянын аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формалардагы "негизги максаттары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "максаттары" деген сөзгө алмаштырылсын.