Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 29-декабры № 171
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген продукцияларды (товарларды) ташып келүүнүн, жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) алып келүүнүн, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) контроль алдындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларындагы же кошулган станциялардагы продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынганда калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы.".
2. 4-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо
Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо жана аларды даярдоонун сапатын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 15-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормативдерге" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.