Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 371-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр алып салынсын.
2. 466-статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"466-статья. Объекттердин курулушуна автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу
Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштардын шайкештигин тастыктоо, -".
3. "469-статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"469-статья. Объекттерди долбоорлоого жана долбоорлоо документтерин макулдашууга архитектуралык-пландоочу, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын талаптарынын бузулушу, -
Объекттерди долбоорлоого жана долбоорлоо документтерин макулдашууга архитектуралык-пландоочу, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын талаптарынын бузулушу". -
4. 33-глава төмөнкүдөй мазмундагы 482-статья менен толукталсын:
"482-статья. Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу
Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, -