Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-февралы № 37
2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, заемчу катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Бирлигинин ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашуу, заемчу катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Бирлигинин ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Бирлигине Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун, Грант жөнүндө макулдашуунун жана Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |