Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 2-марты № 43
2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы тарабынан ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып кучүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |