Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы
2015-жылдын 12-августу № 3
Чоң-Алай айылдык аймактык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын 2015-жылга түзүлгөн бюджет боюнча билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин 5-чакырылышындагы депутаттары талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймактык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети 454220 сом болуп бекитилсин .
2. Чоң-Алай айылдык аймагы боюнча жайыт пайдалануу акысы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бекитилген бюджет боюнча так жана даана иш алып баруу жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонгайга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов |