Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы
2015-жылдын 12-августу № 5
Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу «Гөңдү», № 23 участкаларынан «Кыргызстан-Кытай (Нитка-Д)» газ түтүгүн курууда ар кандай курулмаларды куруу үчүн берилүүчү жер аянттарды бир категориядан экинчи категорияга которууну сунуштоону жана 35 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүктөрүн куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү кызматташтык боюнча ратификацияланган мыйзамына ылайык «Кыргыз-Кытай» (Нитки-Д) газ түтүгүнүн ар кандай курулмаларын (крандык түйүн, факель жана кошумча жолдор) курууга 35 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилле турган жалпы 2,01га анын ичинен «айылчарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүктөрүн куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү кызматташтык боюнча келишимдин 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин » 68-беренесине ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтү, жер ээлери менен мамлекеттик менчикке 1,56 га жер аянтын сатуу, сатып алуу боюнча келишимин түзүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чоң-Алай айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов |