Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 7
Масы айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинде каралган ички жолдорду оңдоо үчүн 1.0 млн сом акча каражаты жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин жана Масы айыл өкмөтүнүн 2013-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-планынын негизинде Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинде каралган ички жолдорду оңдоо үчүн 1.0 млн сом акча каражаты Масы айылынын Проектный көчөлөрүнө шагал төшөө үчүн жумшалсын.
2. Масы айыл аймагынын оңдоого муктаж ички муниципалдык жолдорунун атын жана көлөмүн аныктоо Масыл өкмөтүнүн башчысынын орну басары Р.Азизовко милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасы С.Арзиевке тапшырылсын.
Масы айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Арзиев |