Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVI-чакырылышы кезексиз 9-сессиясы

 

2013-жылдын 12-июлу № 3

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө

Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы "Мандат жана этика" боюнча комиссиясынын мүчөсү Н.Карапашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9 -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы "Мандат жана этика" боюнча комиссиясынын мүчөсү Н.Карапашованын маалыматы эске алынсын.

2. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаты "Ата Журт" саясий партиясынан Мырзакматов Нургазы Орозбаевичтин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

3. "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча кийинки талапкерди аныктап берүү жагы Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып

 

Таш-Көмүр шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

М.С. Кулдышев