Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVI-чакырылышы кезексиз 9-сессиясы

 

2013-жылдын 12-июлу № 4

Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Таш-Көмүр шаарындагы "Какелеев" көчөсүн кайрадан "Достук" көчөсүнө өзгөртүү жөнүндөгү жашоочулардын кайрылуусу боюнча убактылуу комиссия түзүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Көмүр шаарындагы "Какелеев" көчөсүн кайрадан "Достук" көчөсүнө өзгөртүү жөнүндөгү жашоочулардын кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин убактылуу комиссиясынын түзүүлүүсүнө макулдук берилбесин.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Таш-Көмүр шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

М.С. Кулдышев